Маршруттук таксинин айынан таксиге отуруп жаткан кыздын билеги сынды

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунааларынын архивдик сүрөтү
Тез жардам автоунааларынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз унаага отурарда, аны микроавтобус сүзүп кеткен. Азырынча айдоочу табыла элек.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Микроавтобус менен болгон жол кырсыгында жаш кыздын билеги сынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине борбордун мамлекеттик ички иштер башкармалыгындагы Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык Чүй проспектиси менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милициянын маалыматына ылайык, 23 жаштагы кыз таксиге отурарда унааны микроавтобус сүзүп алган. Кыздын колу сынган.

"Айдоочу унаасын токтотуп, ооруканага баргыла деп айткан соң, окуя болгон жерден качып кеткен. Маршрутканын номерине эч ким көңүл бурган эмес. Микроавтобус ак түстө болгондугу жана ичинде жүргүнчүлөр бар экени гана белгилүү", — деп Кайгуул милициядан кабарлашты.

Жабырлануучунун жолдошу Гарик Лайко, кыздын чыпалагы жана билеги сынганын тастыктады.

"Келинчегим унаанын эшигин жаап жатканда унаа сүзүп кеткен. Ага операцияны төртүнчү шаардык ооруканада жасашты. Эл ага биринчи медициналык жардамын көргөзүп, бирок эч ким номерин эстеп калбаптыр. Айдоочу болсо келем деген боюнча жок", — деди Лайко.

Жабырлануучунун күйөөсү ошол унаанын ээсин издеп жатат. Жабыр тарткан кыздын абалы канаттандырарлык.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий- изилдөө борборунда кыз колунан жаракат алгандыгын тастыкташты. Ага амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0