Чүйдө комбайн менен Audi сүзүшүп эки адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан унаанын архивдик сүрөтү
Жолдо бараткан унаанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан каза болгондордон сырткары беш адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда кырсык катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Джип коюп кеткен эне колясканы түртүп ийип балдарын сактап калган. Кан жуткан ата-эне - Sputnik Кыргызстан
Джип коюп кеткен эне колясканы түртүп ийип балдарын сактап калган. Кан жуткан ата-эне
Маалыматка ылайык, ишембиге караган түнү саат 00:20да аталган кан жолдун 64-чакырымында комбайн менен "Audi 100" үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада эки адам каза болуп, беш адам жаракат алган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0