Кадамжайда кырсыкка кабылган унаа сууга түшүп кетти

Жазылуу
Жолдун каршы тилкесине чыгып алган айдоочу мас абалында экени айтылууда.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Баткендеги Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагында жол кырсыгы катталганын окуяга күбө болгон окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу билдирди. 

"Кара түстөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетти. Кагышкан экинчи унаа каналга түшүп кеткен. Эч ким каза болгон жок. Каналга түшүп кеткен унаанын ичиндеги эки кызды ооруканага алып кетишти", — деди күбө Азиз Абдыкадыр уулу.

Анын айтымында, кырсыкка себепкер айдоочу мас абалында болчу. 

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0