Кантта өзүнөн 17 жаш улуу аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү Кант шаарынын талааларынын биринен кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ысык-Ата ички иштер башкармалыгы тарабынан жарандык никедеги жубайын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда 20-сентябрь күнү 10.20да Ысык-Ата ички иштер бөлүмүнө Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде 30-35 чамасындагы аялдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

"Оперативдик топ окуя болгон жерге барганда Кант шаарынын 43 жаштагы тургунунун денеси табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта. 

Аялын муунтуп өлтүргөн Бишкек шаарынын тургуну окуянын чоо-жайын айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Аялын муунтуп өлтүргөн Бишкек шаарынын тургуну окуянын чоо-жайын айтып берди
Тергөө амалдарынын натыйжасында маркум буга чейин 26 жаштагы киши менен жарандык никеде жашап келгендиги аныкталган. Алар менен кошо маркумдун тууганы да жашаган. 

20-сентябрь күнү эртең менен саат 8.00 чамасында тууганы үйдөн чыгып кеткенден кийин шектүү аялын өлтүрүп, өзү изин суутуп кеткен. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында сегиз сааттан кийин шектүү Канттагы талаалардын биринде кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Шектүү Өзбекстандын жараны экени белгилүү болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0