Ысык-Көлдүн тургуну улгайган атасын зордуктаган деп шектелүүдө

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүШектүү адамдын архивдик сүрөтү
Шектүү адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Суу районунун улгайган тургунунун туугандары арыз менен кайрылышкан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ак-Суу районунун 30 жаштагы тургуну өз атасын зордуктаган деп шектелүүдө. Бул боюнча Ысык-Көл облустук ИИБден кабарлашты. 

Милициянын маалыматына ылайык, бул окуя август айынын аягында болгон. 30 жашар жигит мас абалында атасын зордуктаган. 

"Туугандары жигиттин атасына карата жасалган кордугунун үстүнөн чыгып, милицияга арыз жазышкан. Шектүү жаран эки айга камалып, учурда Каракол шаарынын убактылуу камоочу жайында. Жабырланган атасы уулуна эч кандай дооматы жоктугун айтууда", — деп билдирет ИИБ кызматкерлери. 

Зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0