Ысык-Көлдүн тургуну өз кызын эки жылдан бери зордуктап келген деп шектелүүдө

© AFP / ARMEND NIMANIЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын апасы милицияга кайрылгандан кийин күйөөсү зордуктоого шектелип кармалган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну эки жылдан бери кызын зордуктап жүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга жашы жете элек кыздын апасы арыз менен кайрылган.

Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз. Шектелген жаран кармалып, кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0