Нью-Йоркто полиция үчүнчү жардыруучу түзүлүш тапканын жар салды

© AFP / BRYAN R. SMITHОцепленное место взрыва в Нью-Йорке. Архивное фото
Оцепленное место взрыва в Нью-Йорке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда полиция шектүү түзүлүштү иликтеп жатышат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. АКШ полициясы Нью-Йорк шаарында үчүнчү жардыруучу түзүлүш тапканын, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын РИА Новости жазып чыкты.

Нью-Йорк шаарындагы жардыруу болгон аймактагы полиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Нью-Йорктогу жардыруудан КР жарандары жабыркаган жок
Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде аталган шаарда жардыруу болуп, андан 29 киши жабыркаган. Полиция кызматкерлери жардырууну ишке ашыргандар өз максаты үчүн атайын калаанын киши көп топтолгон жерин тандап алышкан. Учурда 29 кишинин бири ооруканада оор абалда жатканы айтылууда.

Иликтөө учурунда окуя болгон жерден жардыруучу зат делген экинчи түзүлүш табылып, кийин анын тамак бышыруучу идиш экени аныкталган. 

"Тергөөчүлөр жардыруучу зат болушу мүмкүн делген үчүнчү түзүлүштү таап чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Учурда полиция шектүү түзүлүштү иликтеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0