Кыргыз-өзбек чек арасында ири көлөмдөгү баңгизат табылды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүБаңги-зат. Архив
Баңги-зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10 килограммадан ашуун героин менен 11,3 килограмм апийим салынган баштыктарды өзбек укук коргоо органдарынын кызматкерлери таап чыгышкан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өзбекстандын укук коргоо органдары Кыргызстан менен чектешкен Анжиян облусунун Избаскан районунун аймагында 20 килограммдан ашуун баңгизат табышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан облустук ИИБ өкүлүнө таянуу менен жазып чыкты. 

"Рейддин жүрүшүндө жеке чарбалык үйдүн кампасынан баңгизат салынган полиэтилен баштыктар табылган", — деп ырастады агенттиктин маектеши. 

Анын айтымына караганда жүргүзүлгөн экспресс-анализ баштыктын ичинде 10,2 килограмм героин жана 11,3 килограмм апийим бар экенин тастыктаган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 

Наркотики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Медет Садыркуловду өлтүрдү делген жарандын иниси баңгизат менен кармалды
Баңгизатты көзөмөлдөө улуттук аналитикалык борбордун маалыматына караганда Өзбекстандын аймагында 2012-2015-жылдар аралыгында бекитилген баңги заттардын көлөмү эки эсеге өсүп кеткен. 

Аналитикалык борбордун берген маалыматына караганда Өзбекстандын чек арасынын бекемделишине байланыштуу үч-төрт жылдын ичинде баңгизатты бекитүү жолу активдешкен. Тагыраагы, транзиттик канал катары баңгизатты ар кайсы жерге бекитүү күчөгөн. 

Мындай транспорттоонун түрүнө жүк ташуучу поезддер менен чек ара аймактары кирет. Кылмышкерлер тыюу салынган каражаттарды Афганистанга алып өтүү үчүн чек ара аймактарына көмүп, бекитишкен. Өткөн жылы 50 жерде бекитилген баңгизат табылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0