Жалал-Абаддагы жол кырсыктан бир киши каза болуп, үч киши жаракат алган

Жазылуу
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жаракат алган эки адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында катталган жол кырсыгынан бир киши каза болуп, үч киши түрдүү жаракаттарды алганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Тез жардам автоунаасы кырсык болгон жайда. - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам кырсык болгон жерден өтүп баратып жабыр тарткан аялды дароо алып кетти
Ага ылайык, жол кырсыгы 12-сентябрда саат 15:30дар чамасында Шор-Булак тилкесинде катталган. Анда Audi үлгүсүндөгү унаа менен Volkswagen Golf машинасы кагышкан.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жаракат алган эки адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Каза болгон жана жабыркаган адамдар Тез жардам кызматы тарабынан Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0