Тез жардам кырсык болгон жерден өтүп баратып жабыр тарткан аялды дароо алып кетти

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуТез жардам автоунаасы кырсык болгон жайда.
Тез жардам автоунаасы кырсык болгон жайда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Бишкек шаарынын Чыгыш-5 аймагында катталган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Чыгыш-5 аймагында түнкү саат ондон өтүп калганда жол кырсыгы катталып, 50 жаштагы аял жабыркаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери арылуу күбө жиберди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чыгыш-5 аймагындагы аялдамага жакын жерде болгон.

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкек шаарынын Чыгыш-5 аймагында түнкү саат ондон өтүп калганда жол кырсыгы катталып, 50 жаштагы аял жабыркаган
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 аймагында түнкү саат ондон өтүп калганда жол кырсыгы катталып, 50 жаштагы аял жабыркаган - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 аймагында түнкү саат ондон өтүп калганда жол кырсыгы катталып, 50 жаштагы аял жабыркаган
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуЖол кырсыгы Чыгыш-5 аймагындагы аялдамага жакын жерде болгон.
Жол кырсыгы Чыгыш-5 аймагындагы аялдамага жакын жерде болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жол кырсыгы Чыгыш-5 аймагындагы аялдамага жакын жерде болгон.
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуКүбөлөрдүн айтымында чыгыштан батышты карай бараткан 30 жаштагы айдоочу Mazda 323 үлгүсүндөгү машинасы менен аялды коюп кеткен.
Күбөлөрдүн айтымында чыгыштан батышты карай бараткан 30 жаштагы айдоочу Mazda 323 үлгүсүндөгү машинасы менен аялды коюп кеткен. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Күбөлөрдүн айтымында чыгыштан батышты карай бараткан 30 жаштагы айдоочу Mazda 323 үлгүсүндөгү машинасы менен аялды коюп кеткен.
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуЧыгыш-5 аймагындагы жол кырсыгы
Чыгыш-5 аймагындагы жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
4/4
Чыгыш-5 аймагындагы жол кырсыгы
1/4
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 аймагында түнкү саат ондон өтүп калганда жол кырсыгы катталып, 50 жаштагы аял жабыркаган
2/4
Жол кырсыгы Чыгыш-5 аймагындагы аялдамага жакын жерде болгон.
3/4
Күбөлөрдүн айтымында чыгыштан батышты карай бараткан 30 жаштагы айдоочу Mazda 323 үлгүсүндөгү машинасы менен аялды коюп кеткен.
4/4
Чыгыш-5 аймагындагы жол кырсыгы

Күбөлөрдүн айтымында чыгыштан батышты карай бараткан 30 жаштагы айдоочу Mazda 323 үлгүсүндөгү машинасы менен аялды коюп кеткен.

"Аял жолду атайын белги коюлган жерден эмес, өзү каалаган жерден өтүп келе жаткан. Кырсык болгон учурда Тез жардам кызматы аталган райондо жүрүптүр. Алар тез эле алып келишти. Дарыгерлер аялдын абалы оор экенин айтышууда", — дейт окуянын күбөсү.

Тамда тартылган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын эң кандуу көчөлөрү
Жабыркаган аял №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор экенин ооруканадан билдиришти. Аял кандай жаракат алганы толук текшерилгенден кийин гана белгилүү боло турганын айтышты.

Эгер кандайдыр бир окуяларга туш болуп калсаңыз биздин +996 706 566 544 WhatsApp номерибиз аркылуу жибериңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0