ӨКМ: эки ай мурун Чычкан суусуна түшүп кеткен унаа айдоочусунун сөөгү табылды

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСуучулдар. Архив
Суучулдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машинаны айдап келе жаткан Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын 46 жаштагы жашоочусу кырсык болгон күндөн тарта тынымсыз изделип келген.

БИШКЕК,10-сен. —Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Бишкек — Ош кан жолунун 243-чакырымындагы Жаңы-Жол айыл аймагында Чычкан суусуна түшүп кеткен Mercedes-Benz Sprinter айдоочусунун сөөгү бүгүн саат 9.00дө табылганын ӨКМ билдирди.

Машинаны айдап келе жаткан Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын 46 жаштагы жашоочусу кырсык болгон күндөн тарта тынымсыз изделип келген. 

Издөө иштерин жалпы жонунан 14 куткаруучу жана маркумдун 8 тууганы жүргүзгөн. Натыйжада айдоочунун сөөгү кырсык болгон жерден алты чакырым алыстыкта табылып, бүгүн түштө туугандарына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0