Нарын дарыясына агып кеткен 25 жаштагы жарандын денеси табылды

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүВода. Архив
Вода. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыка кабылган жигит отун терип жүрүп сууга түшүп кеткен.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Нарында дарыяга түшүп кеткен 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында саат 19:30да Ийри-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну отун алып келе жатып Нарын дарыясына түшүп кеткен. 

ӨКМдин куткаруучулары туугандары менен издөө иштерин баштап, ал күнү майнап чыккан эмес. Эртеси таңкы сегиздер чамасында туугандары тарабынан маркумдун жансыз денеси табылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0