Кырчын: оюн-зоокто үч киши бутун сындырып, үчөө сокур ичегисин алдырды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буту-колун кокустатып алгандардын экөөсүн ат тепсе, бир кишини төө тепкен.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кырчын жайлоосундагы этнофестивалга келген 530 кишиге Бишкектин тез жардам бригадасынын адистери кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Көчмөндөр оюнунун алкагында өтүп жаткан этнофестивалга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Бишкектен 17 дарыгер жөнөтүлүп, 2-сентябрдан бери алты пост иштеп келет. 

Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары — Тазалык, Зеленстрой жана Бишкексвет Кырчын жайлоосунда - Sputnik Кыргызстан
Этнофестивалдан кийин Кырчынды "Тазалыктын" кызматкерлери тазалайт
Бригаданын курамын Бишкек шаарынын тез жардам көрсөтүү кызматынын, Улуттук госпиталдын, Улуттук кардиология борборунун, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун доктурлары түздү.

Бир нече адам Чолпон-Атадагы жана Ананьево айылындагы ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 3 адамдын буту сынса, ал эми бирөө билегин кокустатып алган. Алардын экөөсүн ат тепсе, бирөөсү төө тепкен. Сокур ичегисин алдырып үч адам жаткырылды, алардын ичинде 8 жаштагы бала да бар.

Бүгүн,7-сентябрь күнү өзүнүн колун жаа менен сайып алган монголиялык спортчу Ананьево айылынын ооруканасына жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0