Жалал-Абадда 390 миң сомдук мал уурдагандар кармалды

Жазылуу
Мал уурулук эки жолу кайталанып, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында алар колго түштү.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Август айынын ортосунда жана сентябрь айынын башында мал уурдап жалпысынан 390 миң сомдук зыян келтиргендер колго түшкөнүн Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Автоунаа уурдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки жаш жигит алты Honda Odissey уурдады деп кармалды
Ага ылайык, кармалгандар 17-августка караган түнү Базар-Коргон районунда бош жүргөн жылкы менен эки буканы уурдап, 150 000 сомдук зыян келтирген. Ушундай эле окуя 5-сентябрга караган түнү кайталанып, анда Сузак районуна караштуу Турк-Абад айыл аймагынан сегиз бодо мал уурдалып, ээси 240 000 миң сомдук зыян тарткан.

Жалал-Абад ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мал уурулукка каршы күрөшүү тобу ыкчам иш аракеттер жүргүзүп, натыйжада мал уурулук менен алектенип жүргөн 20 жана 24 жаштагы балдар кармалган. Алардын буга чейин соттолгону аныкталган. 

Келтирилген материалдык зыяндар учурда төлөнүп, уурдалган мал ээлерине кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0