Эки жаш жигит алты Honda Odissey уурдады деп кармалды

Жазылуу
Эки бала төрт машинаны уурдаган деп кармалды. Кийин алардын дагы эки уурулукка тийиштиги бар экени аныкталган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын милициясы эки тургунду Honda Odissey үлгүсүндөгү алты машинаны уурдаган деген шек менен кармаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уурулук үчүн Россияда соттолгон КР жараны чек арадан кайта кармалды
Буга чейин шаардык милиция бир нече жолу машина уурдаган деген шек менен кишилер кармалганын маалымдаган.

Уурулукка шектелип 19 жана 15 жаштагы балдар кармалган, алар буга чейин да бир нече жолу соттолушкан. Алар эки суткада Honda Odissey үлгүсүндөгү төрт автоунааны уурдаганга жетишкен.

Кийин алардын башка уурулукка да тийиштиги бар экени аныкталган.

Аларга карата "автоунаа уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0