Башкы прокуратура эки милиция кызматкерине иш козгоду

Жазылуу
Милиция кызматкерлерине жаранды кылмыш жасагандыгын моюндатуу үчүн кыйноого алган деген кине коюлуп жатат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура тарабынан Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине кылмыш иши козголду. 

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте милиция формасын кийген мас айдоочу видеого түшүп калды
Билдирмеге караганда милиция кызматкерлери Сайлык айылынын тургунун Искра айылындагы милициянын бөлүмүнө алып келип уурулук боюнча кылмышты моюндатуу үчүн аны кыйноого алган делип шектелип жатышат. 

Соттук медициналык экспертиза Т.Э. аттуу жаран жаракат алып, ден соолугу начарлаганын көрсөткөн. 

Аталган фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0