Москвадан жасалма паспорт менен Бишкекке учуп келген киши кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовПаспорт. Архив
Паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулган соң ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Москва шаарынан жасалма паспорт менен Бишкекке учуп келген киши кармалганын мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда "Москва — Бишкек" каттамы боюнча учуп келген жүргүнчүлөрдүн паспортторун текшерүү маалында Кыргызстандын жаранынын паспорту шек туудурган.

"Тыкыр текшерүү маалында 1986-жылы туулган КР жаранынын паспорту жасалма болуп чыккан. Ал Москва шаарынан Бишкекке учуп келген", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү документтер толтурулган соң ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0