Чүйдө 10 килограмм героин менен жергиликтүү тургун кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31 жаштагы жарандын жанынан баңгизат салынган тогуз брикет табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Милиция Чүй облусунун Панфилов районунун тургунун 10 килограмм героин менен кармаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Дүйшөмбү күнү милиция кызматкерлери Панфилов районунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн.

"31 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Анын жанынан 10 килограмм героин табылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактынын негизинде маңзатты мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0