Абакта жаткан "күйөөсүнө" жасалма нике күбөлүгү менен кирип жүргөн кыз кармалды

Жазылуу
Бишкектик 26 жаштагы кыз абакта адам өлтүрүүгө айыпталып жаткан кылмышкерге көп убактан бери жолугушууга келип жүргөн.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Адам өлтүрүүгө айыпталып абакта жаткан жаранга жасалма нике күбөлүгү менен "жубайы" болуп кирип жүргөн кыз кармалгандыгы туурулуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда 26 жаштагы кыз көп убактан бери абактагы жаран менен жолугушуу үчүн келип жүргөн. 

"Июль айында ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында оор кылмыштарга айыпталып жаткан жаран менен жолугушуп жүргөн 26 жаштагы кыз кармалган. Документтерди текшерүү учурунда ал нике күбөлүгүн көрсөткөн. Бирок экспертизанын жыйынтыгында нике күбөлүгү жасалма экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта. 

Экспертиза Бишкектеги райондук ЗАГСынын биринен алынган нике күбөлүгүнө коюлган мөөр дагы жасалма экенин көрсөткөн. 

Аныкталган фактылар боюнча август айында прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документ колдонуу, жасоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кийинки тергөө иштерин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы улантат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0