Кара-Көлдө бензин ташыган унаа аласалып 8 тонна күйүүчү май төгүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтоунаа. Архив
Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочуга биринчи жардам көрсөтүлдү. Учурда абалы жакшы.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташып бараткан SCANIA унаасы аласалып, сегиз тонна бензин төгүлүп калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда окуя 28-август күнү саат 15.15 чамасында болгон. 

"Кырсыктан улам төрт бөлүктөн турган цистернанын бирөө тешилип АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү май төгүлүп калды", — деп айтылат маалыматта.

№94 куткаруучу бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан айдоочуга биринчи жардам көрсөтүлгөн. Учурда анын абалы жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0