Ысык-Көлдө кайрадан жер титиреди

Жазылуу
Жер силкинүүдөн жабыр тарткандар болгон жок.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда жер титирөө кечээ, 26-август күнү саат 19:04тө болду.

"Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тоо кыркаларында жайгашкан. Каракол шаарына жана Жети-Өгүз курортунун аймагында 3,5 балл сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Жер силкинүүдөн жабыр тарткандар болгон жок.

Эске сала кетсек, 26-августта Ысык-Көл облусунда очогунда үч баллга жеткен жер силкинүү катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0