БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында тогуз жаштагы кыз сууга агып кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-август күнү саат 12.15те болгон. Жеткинчек Кара-Суу суусуна түшүп кеткен.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барганга чейин айыл тургундары кыздын жансыз денесин алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.