Тоңдо эки мас адамдын катамараны торго илинип көл ортосунда калышкан

© Sputnik / Александр Викулов / Медиабанкка өтүүКатамаранда эс алгандар. Архив
Катамаранда эс алгандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар куткарылып, райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын эки тургуну мас абалында катамаран менен беш чакырым алыстыкка сүзүп кетишкендиги тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда жарандар түшкөн катамаран балык кармоочу торго илинип, "эс алуучулар" көлдүн ортосунда калып калышкан. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №38 бөлүмүнүн куткаруучулары катамаран менен сүйрөтүп келишип, райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0