Күбө: Бишкекте мотоцикл менен жеңил унаа кагышып, бир адам мерт кетти

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкекте ишембиден жекшембиге караган түнү жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду.
Бишкекте ишембиден жекшембиге караган түнү жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, жол кырсыгынан каза болгон улан 20 жашта болгон.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкекте ишембиден жекшембиге караган түнү жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман WhatsApp-канал аркылуу билдирди. 

Аталган маалыматты күч түзүмдөрдөгү өздүк булактар да тастыкташты. 

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкекте ишембиден жекшембиге караган түнү жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду.
Бишкекте ишембиден жекшембиге караган түнү жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкекте ишембиден жекшембиге караган түнү жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду.
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуМотоциклчен жигит 20 жашта болгон.
Мотоциклчен жигит 20 жашта болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мотоциклчен жигит 20 жашта болгон.
1/2
Бишкекте ишембиден жекшембиге караган түнү жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду.
2/2
Мотоциклчен жигит 20 жашта болгон.

Күбөнүн айтымында, Mercedes Benz унаасы Орджоникидзе көчөсү менен түндүктү көздөй багыт алган. Ал эми ошол учурда мотоциклчен топ Ахунбаев көчөсү менен бара жаткан.

"Эки көчөнүн кесилишинде жол чырак жок. Бирок Ахунбаев көчөсү башкы көчө болуп саналат. Ага карабастан Mercedes Benz унаасы мотоциклчендердин бирин сүзүп алды", — деп айтылат маалыматта. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, мотоциклчен жигит 20 жашта болгон. Ал кырсык болгон жерде көз жумган. Ал эми Mercedes Benz айып короого токтотулду. 

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0