Селдин кесепетинен Самаркандектин эли суусуз калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРСел. Архив
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда эл ичүүчү сууну башка аймактардан ташып келүүдө, бирок сугат суу жок талаалардагы эгин куурап калуу коркунучунда турат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Мындан бир нече күн мурда болгон селдин кесепетинен суу түтүктөрү талкаланып, Самаркандек айылында эл бир жумадан бери суусуз отурат. 

Нөшөрлөп жааган жамгырдан пайда болгон катуу сел жеке турак жайлардын короолоруна кирип кум-шагылга толтуруп, андан сырткары айылдын жолун, суу түтүктөрүн талкалап кеткен. 

Бул абал боюнча Баткен районунун акимчилигинен түзүлгөн жагдайды жөнгө салуу үчүн аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын айтышты.

"Самаркандек айылына келүүчү суу түтүктөрүн тез арада оңдоп, калыбына келтирүү аракеттери жасалып жатат", — деди деп билдиришти жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү.

Учурда эл ичүүчү сууну башка аймактардан ташып келүүдө, бирок сугат суу жок талаалардагы эгин куурап калуу коркунучунда турат деп билдирген жергиликтүү эл кабарчыбызга.

Жаңылыктар түрмөгү
0