Индиядагы суу ташкын 10го чукул адамдын өмүрүн алды

© REUTERS / ANINDITO MUKHERJEEСуу ташкын. Архив
Суу ташкын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мадхья-Прадеш штатынын бийлиги элди тез арада үйлөрүн таштап, коопсуз жайга чыгып кетүүнү эскертти.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Индиядагы суу ташкынынан 10го чукул киши набыт кетти деп билдирди РИА Новости.

Женщина с детьми во время наводнения в Китае. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык аял күйөөсү суу ташкындан биринчи энесин сактап калганы үчүн ажырашып кетти
Өлкөнүн борбордук жана түндүк бөлүгүндө нөшөрлөгөн жамгырдан улам суу ташкыны пайда болгон. Кырсыкка Мадхья-Прадеш штатында жашаган үй-бүлөнүн алты мүчөсү кабылган. Алар түшүп бара жаткан автоунаа Мирзапур деп аталган коңшу шаарындагы агыны катуу ташкынга түшүп кеткен. Дал ушул эле аймакта суу каптаган үй урап түшүп, үч киши каза тапкан.

Business Standart басылмасынын маалыматына караганда, жамгырдан улам 20 үй урап, дагы үч адам жабыркаган. Аталган штаттын бийлиги элди тез арада үйлөрүн таштап, коопсуз жайга чыгып кеттүүнү эскертти. Ал эми суудан жабырлангандан арбын болгон аймактарда куткаруу иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0