Соцфонддун Таластагы бөлүмү пенсиядан 362 миң сом кымтып алган

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПенсия алуу. Архив
Пенсия алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач пенсия ашыкча эсептелип калган. Чекилик билинип калгандан кийин башкармалыктын адистери кийинки пенсиядан акча кармап калышкан.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Социалдык фонддун Талас облусуна караштуу Манас районундагы өкүлчүлүгү пенсия акчасынан 362 миң сом кымтып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Аталган мыйзам бузуу фактысы Социалдык фонддун өкүлчүлүгүн текшерүү учурунда аныкталган.

"Мында башкармалыктын адистери 362 миң сомду кошумча эсептеп коюшкан. Бул акча кызматкерлердин жеке чөнтөгүнөн өндүрүлүшү керек болчу. Бирок чекилик билинип калган соң адистер тийиштүү сумманы кийинки пенсиядан кармап калышкан. Шартка ылайык, аталган кызматкерлери жоопко тартылып, каражат алардын айлык акысынан төлөнүп берилиши керек", — деп айтылат билдирүүдө. 

Учурда бул факты боюнча Манас районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренесинин (Документтерди жасалмалоо) негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0