Бишкектен адам уурдоого шектелген түрк жараны кармалды

CC BY-SA 2.0 / Quinn Dombrowski / RingКолу байланган киши. Архив
Колу байланган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер түркиялык ишкерди уурдап, аны Баткен аркылуу Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынан адам уурдоого шектелип чет элдик жаран кармалгандыгын ИИМ билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын август айында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери белгисиз бирөөлөр чет элдик жаранды уурдоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат алган. 

Борбор калаада таксисттин Mercedes Benz унаасы уурдаган - Sputnik Кыргызстан
Таксисттин унаасын көз көрүнөө айдай качкандар кармалды
Ага ылайык, кылмышкерлер ишкерди Бишкек шаарынан уурдап, Баткен облусу аркылуу Тажикстанга, андан ары Афганистанга алып өтүүнү пландаган. Кийин ишкер үчүн 200 миңден 500 миң долларга чейин акча өндүрүүгө ниеттенген. 

14-августта кылмышкерлер 31 жаштагы түркиялык ишкерди уурдап кетишкен. Милициянын ыкчам аракетинин арты менен Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, тинтүү учурунда машина ичинен 31 жаштагы түркиялык ишкер, жип, бычак жана балта табылган. 

Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Түркия жараны кармалып, Кылмыш жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0