БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" өткөрмө пунктунан башка бирөөгө таандык паспорт менен өтүүгө аракет кылган эки факты катталганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 58 жаштагы казакстандык аял документтеримди жоготуп алдым деген жүйө менен мекенине өтүүгө аракет кылган. Ал эми кыргызстандык 40 жаштагы дагы бир аял тууганынын паспорту менен Казакстанга өтүп жатканда кармалган. Текшере келгенде анын Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынган жарандардын тизмесинде экени айкын болгон.
Тийиштүү документтер толтурулган соң эки аял тийиштүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.