Астанада ломбардды барымтага алган кылмышкер бир адамды бошотту

© Фото / ИА Новости-КазахстанЗахват заложников в здании ломбарда в Астане
Захват заложников в здании ломбарда в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда барымтадагы экинчи адамды боштуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Астанада ломбардды барымтага алган кылмышкер бир адамды бошотту. Бул тууралуу Новости-Казахстан агенттиги өлкөнүн Ички иштер департаментине таянуу менен билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Астанадагы ломбардды тоноого аракет кылган каракчы ичинде камалып калган. 

"Эки кызматкерди барымтага алган каракчы бир адамды бошотту. Учурда дагы бирөө кармалып турат", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган ломбард беш кабатуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0