Эки бала унааны айдап качуу максатында айдоочуга бычак такаган

© Sputnik / Жоомарт УраимовМужчина с ножом. Архивное фото
Мужчина с ножом. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облусунда милициянын ыкчам иликтөө иштеринен кийин эки жаран кармалган. Бири жашы жетелек бала болуп чыккан. Экөө тең №1 убактылуу камоочу жайга камалды.

Бишкек, 13-август- Sputnik. Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан каракчылык менен кол салууга аракет кылган эки бала кармалды. Бул туурасында Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чүй облусунун 22-жаштагы жараны 30-июнда азиат түспөлүндөгү эки бала бычак менен ичке уруп, ага тийиштүү Honda Fit үлгүсүндө унааны айдай качканы туурасында милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча каракчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринен кийин кылмышка шектүү деп мурда соттолгон 25 жана жашы жете элек 16 жаштагы Талас облусунун тургундарын кармады", — деп айтылат маалыматт.

Кылмышка шектелгендер №1 убактылуу камоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0