Жасалма кыргыз паспорту менен чет өлкөгө чейин чыгып жүргөн жаран кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасыны жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасыны жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө учурунда кармалган жаран боксчу Иван Климовдун өлүмүнө шектелип, Россия тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган. Кийинчерээк Бишкектен колго түшкөн Ян Лебедовдун атасы экени аныкталган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргыз паспортун мыйзам бузуу жолу менен алган 63 жаштагы цыган улутундагы жаран кармалгандыгын ИИМ билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы - Sputnik Кыргызстан
Паспорттун даяр болушу менен жарактуулугун Каттоо кызматынын сайтынан билүүгө болот
Маалыматка ылайык, кармалган жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын Чүй облустук башкармалыгы тарабынан башка ысым менен паспорт алып, бир канча ирет чет өлкөлөргө чыгып турган. 

Тергөө учурунда кармалган жаран боксчу Иван Климовдун өлүмүнө шектелип, Россия тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган. Кийинчерээк Бишкектен колго түшкөн Ян Лебедовдун атасы болоору аныкталган.

Мындан сырткары, 63 жаштагы кишинин буга чейин баңгизат ташыгандыгы үчүн Россияда соттолгондугу белгилүү болгон. 

Учурда ИИМ Чүй облустук прокуратура менен биргеликте мыйзамсыз паспорт бергендер боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0