Кызын чоочун документ менен чек арадан алып өтөм деген казак аял кармалды

Жазылуу
Аял кыздарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алмаштырып алганын айткан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пунктунан 8-августта чек ара мыйзамын бузган Казакстандын жараны кармалды. Ал кызын туулгандыгы тууралуу чоочун күбөлүк менен алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

23 жаштагы казак жараны Казакстандан Кыргызстанга келе жатып, улуу кызына берилген күбөлүк менен кичүү кызын алып өтүүгө аракет кылган.

"Аялдын айтымында, ал кыздарынын күбөлүгүн алмаштырып алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Тийиштүү документтер толтурулган соң, ал ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0