Өзгөндө каналга түшүп кеткен 3 жашар бала изделүүдө

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүКанал. Архив
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан тышкары, Ош шаарында да сууга аккан 37 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өзгөндө үч жашар бала сууга агып кеткендигин ӨКМ билдирди. 

Водолаздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чычкан суусуна унаасы менен кулап кеткен баланын сөөгү эки жумадан кийин табылды
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-августта Өзгөндүн Дөң-Булак айылында үч жашар бала ойноп жүргөн жеринен Шайбек каналына түшүп кеткен. Куткаруучулар туугандары менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүп, ушу кезге чейин таппай келишет. 

Ал эми Ош шаарында Гагарин көчөсүн бойлоп аккан Увам каналына агып кеткен 37 жаштагы кишинин жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылган. Анын сөөгү туугандарына өткөрүп берилди. 

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0