Алай тоо кыркаларында жер силкинди

Жазылуу
Жер силкинүнүн эпицентри Кыргызстандын аймагында, Алай тоолорунда жайгашкан. Эл жашаган жерлерде анын күчү 3 баллга жетти.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бүгүн саат 13:46 чамасында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Боом капчыгайындагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боомдун 100гө чукул жеринен сел жүрүшү мүмкүн
Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматтарына караганда, силикинүүнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Алай тоолорунан ары Кара-Киндик айылынан чыгышты карай 15 чакырым, ал эми Бар-Дөбө айылынан түштүк-батышты карай 25 чакырым, ал эми Нура айылынан түштүк-батышты карай 25 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын эл жашаган жайларында — Кара-Киндикте 2,5 балл, Бар-Дөбөдө 2 баллга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0