Кочкор менен Алайда 3 жана 10 жашар эки бала сууга агып кетти

CC BY 2.0 / Richard Heaven / Abandoned ShoesЖаш балдардын бут кийими. Архив
Жаш балдардын бут кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар эки баланын тең жансыз денелерин бир сааттын ичинде суудан чыгарып беришкен.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кечээ, 2-августта Кочкор менен Алай райондорунда эки бала сууга агып кеткенин ӨКМ билдирди.

Тартуга эс алуу борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тартугадагы" бассейнге түшүп кеткен бала 18 күндөн кийин каза болду
Маалыматка ылайык, Кочкордун Кара-Тоо айылында Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунан барган үч жаштагы бала сууга түшүп кеткен. Куткаруучуларга билдирүү саат 16.10до түшкөн. Бир сааттан кийин баланын жансыз денеси ата-энесине өткөрүп берилди.

Ал эми Алайдын Будалык айыл аймагындагы Кум-Шоро айылында 10 жаштагы бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 18.57де түшүп, куткаруучулар бир сааттан кийин анын жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0