Кадамжайда сел жүрдү

© Фото / Медербек НиязалиевАрка у автодороги в Кадамжайский район. Архивное фото
Арка у автодороги в Кадамжайский район. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Топтолгон суу үч турак-жайдын айланасын каптап кеткен.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунда сел жүргөндүгүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июлда аталган аймактагы Халмион айылында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. 

"Суу айылдагы үч турак-жайдын айланасын каптаган. Кыйроолор жана жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, мындан эки ай мурун облустагы Жийделик аймагында тынбай жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ал адам өмүрүнө зыян алып келген. Ичинде жүргүнчүсү бар автоунаа сайга кулап, ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүрсө, дагы үч жашар наристе табылбай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0