Ысык-Көлдөгү кыргыз-казак мушташынын чоо-жайы

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигиг аталган окуянын себебин аныктап көрүүнү чечти.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө кыргыз жигиттери менен эс алып жүргөн казактар ортосунда түшүнбөстүктөр чыккандыгы тууралуу кеп интернетте желдей тарады. Маалымат видео менен коштолгон. 

Sputnik Кыргызстан агенттигигаталган окуянын чоо-жайын аныктап көрүүнү чечти. 

Талаш эмнеден чыккан?

"Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын директорунун орун басары Бакыт Мамбетовдун айтымында, аталган аймакка кирүү акысы 20 сомду түзөт. Окуя болгон куну бир нече адам келип, акы төлөбөй кирүүгө аракет кылган. 

"Оозуна уят сөздөрдү алып, тынч турган жерден ызы-чуу чыгарып жиберишти. Алар пансионатка акысыз кирүү айласын көрүштү окшойт. Ал ортодо башка эс алуучулар келип, адамдар көбөйүп кетти. Аңгыча баштыкчан бала бирөөнү чаба коюп, абал курчуп кетти. Башаламандыкты милиция кызматкерлери келип жайгарышты", — деди Мамбетов. 

Ал тополоңго катышкандардын бир тобу казакстандыктар болсо, экинчи тарап кыргыздар болгонун кошумчалады. 

Ким күнөөлүү?

Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов окуя иликтенип жатканын айтты. 

"Пансионатка кирүү 20 сом. Ал эми босогодо эки жергиликтүү жигит турат. Видеодо мушташка ошол жигиттер катышканын көрүүгө болот. Түшүнбөстүктөр акы алуудан улам чыгышы мүмкүн", — деди Усубакунов. 

Скутер айдап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө скутер менен элди аралап кеткен "эс алуучу" казакстандык болуп чыкты
Ал тополоңдун катышуучулары кармалып, өздүктөрү такталып жатканын кошумчалады. 

Анткен менен Мамбетов анын сөзүнө макул эмес. 

"Пансионатта иштеген балдардын өздүгүн тактоо маселе жаратпайт. Анткени алар тууралуу бизде маалыматтар бар. Жигиттер болгону урушкандарды ажыратууну гана каалашкан", — деди Мамбетов. 

Кийинки чечим кандай болот?

"Окуя толук кандуу иликтенип бүткөндөн кийин гана юридикалык баа берилет. Арыз жок болгондуктан кыскарып кетиши мүмкүн", — деди Усубакунов. 

Ал эми санаторийдин өкүлдөрү кирүү акысы эс алуучуларды канаттандырбаса ызы-чуу чыгарбай, жетекчилик менен сүйлөшуп алса болорун кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0