Россияга баңгизат ташыган кылмыштуу топтун лидери кармалды

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районунун жашоочусу Дагестанга героин жеткирүүнү камсыздаган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстандын күч кызматкерлери Россияга ири көлөмдөгү баңгизатты ташып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун лидерин кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Ведомствонун билдирмесине караганда, баңгизатка каршы күрөшүү Башкы башкармалыгынын кызматкерлери Сокулук районунун 42 жаштагы тургунун кармашкан. 

"Күч кызматкерлери баңгизат менен алектенген топту көп убакыт бою аңдып жүрүшкөн. Шектүүлөр героин менен нашааны Кыргызстандан Дагестандын түндүк-батышына жеткирип турушкан", — деп айтылат маалыматта. 

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда 10 кг. героин сатууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды
Кармалган жарандын үйү тинтүүгө алынганда 2,8 килограмм героин табылган. 

Бул фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатты даярдоо, жүгүртүү, сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө иштери уланып, уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо аракеттери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0