Чоочун паспорт менен Түркияга учууга камынган аял "Манастан" кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жараныны паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жараныны паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаран учакка каттоо башталганда аэропорттун көзөмөл өткөрүү пунктунан колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкек — Стамбул багыты боюнча каттоо учурунда көзөмөл өткөрүү пунктунан 1993-жылы туулган аял кармалды.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы жаран башка бирөөнүн паспорту менен Түркияга учуп кетүүгө аракет кылган. 

Тийиштүү документтер толтурулган соң ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0