Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка кырсыкка кабылып, оодарылып кетти

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуДТП с пассажирским автобусом в южной части столицы
ДТП с пассажирским автобусом в южной части столицы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге Тез жардам кызматынын дарыгерлери жөнөп кетишти.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу окурман билдирди.

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.
Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуТүштүк Магистраль менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган маршрутка оодарылып калган.
Түштүк Магистраль менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган маршрутка оодарылып калган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Түштүк Магистраль менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган маршрутка оодарылып калган.
1/2
Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.
2/2
Түштүк Магистраль менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган маршрутка оодарылып калган.

Маалыматка караганда, Түштүк Магистраль менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган маршрутка оодарылып калган.

Тез жардам кызматынан билдиришкендей дарыгерлердин бригадасы кырсык болгон жерге жөнөп кетишти.

Алдын ала маалыматтар боюнча жолтандабас Байтик баатыр көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан.

Кайгуул милициясы билдиргендей, жол кырсыгына KIA үлгүсүндөгү жол тандабас менен маршруттук унаа кабылган. 

Маршруттук унаа Түштүк магистралдан кайрылып жаткан. Жол кырсыгынан жабыркагандар жок.

Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Кандайдыр бир өзгөчө окуяга, жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0