Москвада иш учурунда лифттен кулаган КР жаранынын операциясына акча керек

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин кызматкерлери анын абалы менен таанышып, окуянын чоо-жайын иликтеп чыккан.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Москва шаарында иштеп жатып лифттен кулады делген 30 жаштагы КР жаранына операция жасоо үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя тууралуу 20-июлда социалдык тармактарда билдирүү тараган. Аны элчилик текшерип, ооруканада жаткан КР жараны менен жолуккан.

"Элчиликтин кызматкерлери анын абалы менен таанышып, окуянын чоо-жайын иликтеп чыккан. Ага операция жасоо керек. Ал үчүн чоң суммадагы акча каражаты (200 миң рублге жакын) талап кылынат", — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.

Жумуш берүүчүдөн компенсация төлөтүп берүү маселеси Консулдук бөлүмдүн юристтери тарабынан каралууда. Алдын ала такталган маалыматка ылайык, КР жараны жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзбөстөн, убактылуу иштеп жаткан.

"Жогоруда белгиленген лифттин абалы коопсуздук эрежелерине жооп берген эмес. Ал колго жасалган жабдуу катары колдонулуп келген", — деп элчиликтен билдиришти.

Ошондой эле бул кырсыкка чейин үч күн мурда лифтин бузулуп калганы такталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0