Сулайман-Тоонун этегинен баланы карактап, шымын чечип кеткен бейбаш кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүСулайман-Тоодогу музей. Архив
Сулайман-Тоодогу музей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кармалган бейбаш 19 жаштагы Кара-Суу районун жашоочусу болуп чыкканын билдирди.

БИШКЕК, 21-июл.— Sputnik. Сулайман-Тоонун жанынан жашы жете элек баланын телефонун тартып алып, чолок шымын чечип кеткен бейбаш кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Окуя Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегинде кечки сегиздерге чукул болгон. Милицияга жабырланган баланын агасы арыз менен кайрылган. Ыкчам-издөө иштеринен улам, ал бейбаш табылды", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Кармалган бала 19 жаштагы Кара-Суу районун жашоочусу болуп чыккан.

Аталган факты боюнча Кылмыш Кодексинин 167-беренесинин негизинде иш козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0