Бишкектеги "Мадина" базарында чыккан өрттү өчүрүп жатышат

Жазылуу
Тилсиз жоо тууралуу билдирүү аларга саат 10:09да келип түшкөн.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Мадина" базарында өрт чыгып, өрт өчүрүчүүлөр анын жайылышын чектеп, учурда өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында өрттүн алдын алуу башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Ташмамбетов билдирди.

Анын айтымында, өрт тууралуу билдирүү аларга саат 10:09да келип түшкөн.

"Базардагы кездеме саткан контейнерлер күйүп жатат. Өрт чыккан жерде эки өрт өчүрүүчү машина кетти. Өрттын чыгуу себеби азырынча тактала элек", — деди Ташмамбетов.

Ал ошондой эле өрттүн башка жакка жайылуусу саат 10.35те чектелгенин жана өчүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0