Балага тапанча такап, 150 сомун тартып алган каракчылар тобу кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКамактагы адамдар. Архив
Камактагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери төрт баланы кармашты. Тергөө иштери алардын бир катар талоончулук кылышкандарын ачты.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Каракчылыкка шектелип кармалган төрт жаран дагы алты факты боюнча күнөөлөрүн моюндашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын жарандары Кыргызстандын паспорту менен Сирияга кетүүгө аракет кылышкан
Буга чейин маалымдалгандай, 6-июлда Ахунбаев —Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 18-20 жаштагы белгисиз жарандар 19 жаштагы бишкектик баланы тоношкон. Пневматикалык тапанча менен коркутуп, анын 150 сомун алып коюшкан.

Аталган факты боюнча милиция 19-20 жаштагы төрт бала кармаган. Бардыгы борбордо жашай турганы белгилүү болуп, мындан башка дагы алты факты боюнча күнөөлөрүн моюндашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0