Ошто 36 жаштагы келин кайнатасынын колунан каза тапты

CC BY 2.0 / Mr Seb / The diary of a psychopathБычак кармаган киши. Архив
Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мойнуна жана көкүрөгүнө беш жолу бычак жеген келин ооруканага жетпей көз жумган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Пикир келишпестиктен улам кайнатасы келинин бычактап салгандыгы тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Кечээ, 7-июль күнү Ош облустук ооруканасынын дарыгери милицияга 36 жаштагы келин бычакталып келгендиги тууралуу кабарлаган. 

"Кара-Суу районунун 68 жаштагы тургуну үй-бүлөлүк талаш тартыштан улам сөз талашып кетип келининин мойнуна жана көкүрөгүнө беш жолу бычак сайып, качып кеткен", — деп айтылат маалыматта. 

Натыйжада жаракат алган келин ооруканага жетпей жан берген. 

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектелип жаткан 68 жаштагы келиндин кайнатасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Аталган факты боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, бир катар экспертиза дайындалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0