ӨКМ: Кара-Кулжада жайлоого бараткан унаа жолдон чыгып, жарга асылып калган

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка кесиптештери келгенче куткаруучулар унааны трос менен кармап турушкан.

БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Оштун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүндө Ажике жайлоосуна бара жаткан "Нива" жолдон чыгып кетип, жарга асылып калганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, унаанын ичинде 35 жаштагы айдоочу жана үч жаштагы бала болгон. 

"Башка кесиптештери келгенче куткаруучулар унааны трос менен кармап турушкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистер айдоочу менен наристени аман-эсен чыгарып алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0