Сузактан жаранды жолдон карактап, 300 миң сомун алып кеткендер кармалды

Жазылуу
Учурда алар колдонгон курал-жарактарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ош облусунун тургунун Сузактан курал-жарак менен коркутуп, 300 миң сомун алып кеткендер кармалганын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бетин жапкан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мас болуп кафенин идиш-аягын сындырып, бир кишини сабаган кыздар кармалды
Ага ылайык, окуя 30-июнда болжол менен саат 17.00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл округуна караштуу Бишкек — Ош автожолунун 560 чакырымында болгон. Ош облусунун 34 жаштагы тургуну Hyundai Porter автоунаасы менен Ош шаарына бара жатканда мамлекеттик номери жок кара түстөгү автоунаа келип жолдун четине кысып токтоткон.Анын ичинен азият улутундагы жашы 25-30 чамаларындагы эки киши, айдоочуну тапанча менен коркутуп, унаасындагы 300 000 (үч жүз миң) сом акчасын алып кол телефонун сындырып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБ менен Сузак милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам тобу биргеликте иш алып барып, кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. Кармалган жарандар Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү жарандардын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын имараттарынын биринде темир челектин ичине катылган курал-жарак табылган. Тинтүүнүн натыйжасында төрт мылтык, бир тапанча жана бир канча ок алынган. Ал куралдарга карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Шектүүлөрдүн башка кылмышка тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0