Мас болуп кафенин идиш-аягын сындырып, бир кишини сабаган кыздар кармалды

Жазылуу
Учурда алардын баары райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кафелердин биринде мас болуп алып, идиш-аягы менен терезесин талкалаган 23 жаштагы кыз кармалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Спирттик ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары
Ага ылайык, 5-июлда Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 5-июлда түнкү саат 2.30дар чамасында мас болгон кыз кафенин мүлкүнө зыян келтиргенин айткан. Окуя болгон жерге Чүй ОИИБдин кайгуул милициясы келип, бейбаш кызды кармап, райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Ошол эле күнү дагы бир кафеден мас болуп алып, 23 жаштагы кызды сабап салган үч бийкеч кармалган. 

"Белгисиз үч кыз мас болуп алып, бейтааныш кызды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, сабап салышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул ишке шектүү делип, 23 жаштагы эки кыз жана 22 жаштагы бир кыз кармалган. Алар райондук милициянын тергөө бөлүмүнө берилип, иликтөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0