Тоңдо катуу шамалдан учкан шифер бир кишинин өмүрүн алды

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-32 метрге чейин жеткен.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагындагы Коңур-Өлөң айылында катуу шамал үйдүн чатырын учуруп, башына шифер тийген бир адам каза болгонун Балыкчы метеостанциясына таянуу менен ӨКМ билдирди.

Нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук, Ак-Чий жана Ак-Булуң айылдарындагы айдоо аянттар зыян тартты. - Sputnik Кыргызстан
Көлдүн Ак-Суусунда мөндүр айдоо аянттарын кагып кетип, дыйкандар айласын таппай турат
Маалыматка ылайык, кырсык 1-июлдан саат 14.00дө болгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-32 метрге чейин жетип, үч турак жайдын чатырын учуруп кеткен. 

Ал эми шифер тийген жарандын 41 жашта экени белгилүү болду.

Буга чейин Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы үч айылда мөндүр жаап, 1408 гектар аянтка айдалган картошка, буудай жана арпаны кагып кеткени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0